Нарын ОИИБде Эл аралык эне тил күнү белгиленди

Бүгүн, 21-февраль-Эл аралык эне тили күнүнө карата Нарын облусунун жыйындар залында Нарын ОИИБнин начальниги Алмазбек Жумабековдун жана өздүк курамдын катышуусу менен атайын иш-чара өткөрүлдү.

WhatsApp Image 2022 02 21 at 13.41.43 Нарын ОИИБде Эл аралык эне тил күнү белгиленди


Алгач Кыргыз Республикасынын Гимни ойнолуп, иш-чараны А.Жумабеков ачып берип, “Эне тилибиз болгон кыргыз тили бай, көрөңгөлүү, кунарлуу тил. Ал тарыхтын байыркы түпкүрүнөн агып чыгып, нечен бөгөттөргө карабай, келечекти көздөй улуу сөз кербенинен өзүнө татыктуу жол таап, бүгүнкү күндө мамлекеттик тилге айланды. Эне тилибиздин мамлекеттик тил болушу бул жараткандын кыргыз элине берген зор белеги болду.

Ошон үчүн биз кыргыз болгонубузга сыймыктанып, тилибиз, динибиз, үрп-адатыбыз, каада-салтыбыз, кийген кийимибиз, керек болсо жеген тамагыбыз да нукура кыргызча экенине мактануу менен айтубууз керек”,- деп баса белгилеп өттү А.Жумабеков.

WhatsApp Image 2022 02 21 at 13.41.41 Нарын ОИИБде Эл аралык эне тил күнү белгиленди


Иш-чарага Нарын шаарындагы Токтогул Сатылганов атындагы №1 орто мектебинин кыргыз тили жана адабият мугалими, “Эл агартуунун отличниги” Шабданова Гүлжан Какиевна эне тил жөнүндө кыскача түшүндүрмө берип, мектеп окуучулары даярдап келген көркөм ырлар окулду. Ушул эле мектептин 9-классынын окуучусу Каныбек уулу Кутмандын өзү чыгарган “Кайран тил” жана “Тирүүлүк жашайт тил менен” аттуу ыр саптары көпчүлүктүн көңүл чордонунан орун алды.


Ошондой эле милиция кызматкерлери тарабынан Ш.Дүйшеевдин “Эне тилин унуткандар”, А.Осмоновдун “Эне тили ” жана башка акындарыбыздын ырларын көркөм окуп беришип, эне тилин даңктаган обондуу ырлар менен коштолду.

WhatsApp Image 2022 02 21 at 13.41.45 1 Нарын ОИИБде Эл аралык эне тил күнү белгиленди
WhatsApp Image 2022 02 21 at 13.41.45 Нарын ОИИБде Эл аралык эне тил күнү белгиленди

Нарын ОИИБнин басма сөз кызматы