
Кыргызстанда 21-февралга карата коронавирус 15 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.
Республика боюнча жаңы учурлар:
- Бишкек шаарында – 10;
- Чүй облусунда – 5.
Акыркы суткада 119 адам илдеттен сакайып чыкты, эки бейтап каза болду.
Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 235 бейтап, амбулатордук түрдө 1 миң 366 адам дарыланууда.
Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 200 миң 337 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 194 миң 218 киши айыгып чыкса, 2 миң 946 адам каза болду.