
Дүйнөнүн мыкты 25 жашка чейинки балбандардын рейтингине Кыргызстандык төрт спортчу кирди. Бул тууралуу Бириккен күрөш уюмунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, тизменин 6-орунуна Токио Олимпиада оюндарынын коло медалдын ээси, дүйнөнүн чемпиону Мээрим Жуманазарова илинди. Андан кийинки 7-орунга Токио Олимпиадасында күмүш медал уткан Акжол Махмудов турат.
Ал эми 23 жашка чейинкилер арасында дүйнө чемпиону болгон Эрназар Акматалиев 15-орунда, дагы бир 23 жашка чейинкилер арасында дүйнө чемпиону Айпери Медет кызы 17-орунда турат.
Белгилей кетсек, рейтинге жалпы 25 балбан кирип, анын ичине грек-рим, эркин жана кыз-келиндер арасында күрөшүнүн спортчулар кирди.