Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, Жалал-Абад облусунун Сузак айылында Д.Т. аттуу кыргыз жаранынын башкаруусундагы “Мерседес-Бенц 413 CDI” үлгүсүндө унаа токтотулган.
Унааны текшерүүдө 14 миң 500 таңгак санда Milano London соода маркасында фильтирлүү акциздик маркасыз тамекилер табылган. Кармалган товарлардын орточо базар баасы 1 млн 160 миң сомду түзөт.
Учурда тергөө жүрүп жатат.