Түндүк түштүк (Балыкчы-Казарман-Жалал-Абад) альтернативдик унаа жолунун 326-чакырымынан 346-чакырымына чейинки аралыкта 25 жерден кар көчкү түшүп, (8 чоң, 17 кичи) “Чайна Роуд” ишканасынын 4 кызматкерин жана 5 бирдиктүү авто техникаларын, 1 даана мобилдик үйдү кар көчкү баскан.
ӨКМ тараткан маалыматка ылайык, түзүлгөн кырдаалга байланыштуу КР Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн буйругуна ылайык Сузак жана Тогуз-Торо райондорунун аймагына IV даражадагы өзгөчө кырдаал режими киргизилди.
Бүгүнкү күндө издөө иштерин улантуу үчүн Башкармалыктын ЖКБнүн башчысы майор М.Токтосуновдун жетекчилигинде Сузак райондук ӨКБнүн башчысы капитан А.Багишев, Сузак райондук ӨКБнүн ЖК бөлүмчөсүнүн башчысы майор С.Наржигитов, Таш-Көмүр шаарындагы 2-ӨИКОнан 10 куткаруучу жана КР ӨКМнин алдындагы Гидрометеорология агенттигинин 4 кызматкери, ошондой эле кар көчкү алдында калган А.Көкөзовдун туугандарынан 30 жаран, Сузак РИИБнөн 8 кызматкер, “Чайна Роуд” ишканасынан 20 кызматкер тартылып, издөө иштери жеринде уланууда.