
Нарын ОИИБи: Нарын районунда 6 уурулук фактысына шектүү жарандар изи сууй электе кармалышты.

2022-жылдын 12-февраль күнү Нарын районунун тургуну 1972-жылы туулган О.Ж. мал короомдун ичинен 1 баш коюн белгисиз адамдар тарабынан уурдап кетишкенин билдирип Нарын РИИБнө арыз менен кайрылган.

Аталган факт Нарын РИИБү тарабынан каттоого алынып, ыкчам-иликтөө иштеринин жүрүшүндө О.Жнын 1 баш коюн Нарын районуна караштуу мал базарда бейтааныш кишилерге сатып жаткан жеринен Нарын районунун тургуну 2003-жылы туулган К.А, Нарын шаарынын тургундары 2003-жылы туулган Н.Т. жана 2002-жылы туулган М.А. кылмыштын изи сууй электе кармалышып, кылган күнөөлөрүн мойнуна алышкан.
Шектүүлөрдүн башка да кылмышка катыштыгы бар же жок экендиги боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүп, натыйжада дагы башка 5 уурулук фактыларын кылгандыгы аныкталып, алар Нарын районунун тургуну 2002-жылы туулган М.А, Нарын шаарынын тургундары 2003-жылы туулган Н.Т, 2003-жылы туулган К.А, 2002-жылы туулган Ш.Б, 2003-жылы туулган Т.Ж жана 2003-жылы туулган Т.А. экендиги аныкталып, тергөө иштери толук кандуу жүргүзүлүп, Нарын райондук сотуна жиберилип, баш коргоо чарасы каралып,шектүүлөр Нарын райондук соту тарабынан үй камагына чыгарылды.
Нарын ОИИБнин басма сөз кызматы