
Депутат Балбак Түлөбаев Жогорку Кеңештин жыйында Мектептерде бир предметтик сабакты ар кандай китептен окутуп жатканын айтып: “Жаңыдан чөйрөнү кабыл ала баштаган балдардын башы айланып калып жатат. Бул көрүнүш кыргыздын келечегине балта чапкандык деп эсептеймин”, – деди.
Мындан сырткары, мектепте мугалим менен окуучунун ортосундагы мамилени айткан Түлөбаев: “Чынында мугалим баланы уруп атабы же, бала мугалимге кол көтөрүп атабы белгисиз. Бул жагдайды тиешелүү оргондар менен тактап, убагында чара көрбөсөк чоң конфликт жаралышы мүмкүн”, – деп билдирди.
Эске салсак, социалдык тармактарда мектеп окуучулары мугалим менен айтышып, мазактаган видео тараган.