Акылбек Жапаров: “Журналисттер менен сый мамиле курууну илгертеден үйрөнгөнбүз”

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Bulak.kg редакциясынын башкы редактору Семетей Аманбековдун журналисттерди суракка алуу, сотко чакыруу жана айрым ЖМКларга карата иш козгоо боюнча, басым жасалып жаткан жокпу деген суроосуна жооп берип жатып билдирди.

«Журналисттерге мындай катуу ыкмаларды колдонбош керек. «Арыдан бери бол» деген кыргыздын сөзү бар.

Акыркы окуяларга басым катары баа бергенден алысмын, азыр тергөө иштери жүрүп жатат. УКМК жетекчиси жана ИИМ министринен дагы сурандым. Террористтер менен бандиттерге күч колдонуу керек. Ал эми журналисттер менен сый мамиле курууну илгертеден үйрөнгөнбүз, мындан ары жагы өздөштүрүп жүрө беришибиз керек», — деди Акылбек Жапаров.