Баткенде мектеп өрттөндү, – ӨКМ

Баткенде мектеп өрттөндү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан маалымдашты.

Маалымат боюнча, Лейлек районунун Исфана шаарындагы Самат айылында жайгашкан Самат орто мектебинде өрт чыккандыгы тууралуу кабар келип түшкөн.

Мектеп жетекчилиги тарабынан окуучулар эвакуацияланып, өрт куткаруучулар жеткенге чейин чектөөгө алынган. Жабыркагандар болгон жок.

Такталган маалыматка ылайык, өрт электр зымдарынын кыска туташуусунан чыккан.