Мадумаров: “Оозунан ак ит кирип, кара ит чыгып аткан” азаматтарга эмнеге көңүл бурбайсыңар?

Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаров өзү жетектеген “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын мүчөлөрүнүн айланасындагы акыркы окуяларга байланыштуу комментарий берди.

Саясатчы өзүнө жана партиянын мүчөсү Мирлан Ураимовго тагылып жаткан айыптар негизсиз экенин айтып, аларды жалган жалаа деп баалады. Бийликти жарандарга бирдей мамиле кылууга чакырды.

“Эгерде блогерлердин оозун тыябыз десеңер “оозунан ак ит кирип, кара ит чыгып аткан” азаматтарга эмнеге көңүл бурбайсыңар? “Керек болсо кээ бир инсандардын башын жарып кетиш керек, үйүн өрттөш керек” деген жигиттерге эмне үчүн көңүл бурбайсыңар? Же алардын кожоюну өзүңөрсүңөрбү?”, — деди Мадумаров