
Бишкек шаарына караштуу Биринчи май районунун жашоочусу колундагы шакекти чыгара албай жаткандыгын айтып, 112 кызматына кабарлаган. Бул тууралуу КР ӨКМдин маалымат кызматынан кабарлашты.
Билдирүүгө ылайык, айтылган дарекке куткаруучулар барып, 2009-жылы туулган Э.Э., аттуу баланын колунан темир шакекти чыгарып беришкен.