
Абдылас Малдыбаев атындагы кыргыз улуттук опера жана балет театрына Алмазбек Истамбаев жетекчи болуп дайындалды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 9-февралда Истамбаевди театрдын жамаатына министр Азамат Жаманкулов тааныштырды.
Жаңы директор 2000-жылдан 2019-жылга чейин опера жана балет театрынын алдыңкы опера солисти болуп иштеген.