Талас облусунан шайланып келген депутаттар Марат Мураталиев жана РусланЖакышовдор “аконит” министр Алымкадыр Бейшеналиевди Жогорку Кеңешке келип, ыйык трибунадан “Таластыктар аферист” деген сөзү үчүн, жооп беришин, ким аферист экенин далилдеп беришин жана таластыктардан кечирим суроосун талап кылышты.
Депутаттарга Талас облусунун аксакалдары жана жаштары кайрылганын, бир тобу бул жакта экенин кошумчалашты.