
Мурдагы вице-премьер-министр Токон Мамытов Башкы прокуратурага суракка чакырылды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, Мамытов учурда суракта. Ал кыргыз-тажик чек арасы боюнча Адахан Мадумаров кол койгон протоколго байланыштуу суракка күбө катары чакырылган.
Эске салсак, Мадумаров 2009-жылы Коопсуздук кеңешинин катчысы болуп иштеп турганда кол койгон кыргыз-тажик чек арасы тууралуу протоколго байланыштуу 14-январдан тарта күбө катары сурала баштаган.
Депутат документ юридикалык күчкө ээ эмес экенин кайталап, соңку окуяларды өзүнүн саясий ишмердиги менен байланыштырган.