
Жаш өспүрүмдөр арасында кылмыштуулукту болтурбоо максатында спорттук иш-чаралар өткөрүлүүдө
Кадамжай районунун Бирлик, Уч-Коргон, Масалиев, Орозбеков айыл аймактарында жайгашкан мектептерде мектеп окуучулары арасында спорттук иш-чаралар өткөрүлдү.

Бул иш-чараны Кадамжай РИИБнин жетекчилиги демилгелеп, кылмыштуулукту алдын алуу жана болтурбоо, зордук-зомбулукка жол бербөө максатында өткөрүлдү. Ошондой эле аталган аймактагы ата-энелерге жаш өспүрүмдөрдү көзөмөлдөө, тарбиясына көңүл буруу максатында жаңыдан күчүнө кирген мыйзамдар боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Кадамжай районунун аймагында 2021-жыл ичинде 8 өспүрүм тарабынан жасалган кылмыш катталган.

Баткен ОИИБнын Басма сөз кызматы