Сокулуктагы 2 жаштагы баланы апасы катуу сабаган

Сокулукта ооруканага түшкөн 2 жашар бала апасы тарабынан сабалган. Бул тууралуу Чүй облусунун саламаттык сактоо боюнча координатору Бактыгүл Мамытова билдирди. Ал белгилегендей, баланы ооруканага атасы алып келген.

“Бала оорукананын реанимация бөлүмүнө баш мээсинин жабык жаракаты, бетинин, буту-колунун жаракаттары, бети жана моюну көгөргөн жана сыйрылган, эки колунун инфекциялуу жарааты менен жаткырылган”, — деп айтылат маалыматта.