Тажикстандын Билим берүү министрлиги тажик студенттеринин Кыргызстандагы «коопсуздугу камсыз кылынбастыгын» айтып, аларды бул өлкөгө баруудан баш тартууга чакырды.
«Силерден өтүнүч, азыр Кыргызстанга барбагыла. Ал жакта биздин жарандардын коопсуздугу камсыз кылынбайт.
Ар кандай шылтоолор менен басым кылып жатышат. Бизге Нарындагы Борбор Азия университетинде окуп жаткан студенттерибиздин бири кармалганы тууралуу маалымат келип түштү. Ыңгайсыз абалга туш болбоо үчүн бул өлкөгө барбооңуздарды өтүнөм», — деди Имомзода.
Ошол эле маалда министр буга чейин Кыргызстанда билим алып жаткан бардык тажик студенттери Тажикстандын окуу жайларына кабыл алынганын билдирди. Анын айтымында, алардын бир бөлүгү кыргыз тараптын «тоскоолдуктарынан» улам тиешелүү документтерин алып келе алышкан эмес. Бирок буга карабастан тажик студеттеринин окуусун жергиликтүү университеттерде улантуу тууралуу арыздары канааттандырылган.
Ал ортодо Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги да Кыргызстандын жогорку окуу жайлары тажик студенттерине документтерин кайтарып берүү процессин «жасалма жол менен создуктуруп жатканын» билдирди.
Кыргызстандын бийлиги азырынча тажик тараптын мындай билдирүүлөрү боюнча комментарий бере элек. Былтыр октябрда кыргыз бийлиги чек аранын жабылганына карабастан, тажик студенттеринин Кыргызстанга кирип, билим алуусуна уруксат берилгенин билдирген.
Кыргызстан кыргыз-тажик чек арасын 2021-жылы 28-апрелден 1-майга чейин болгон чек арадагы куралдуу кагылышуудан кийин бир тараптуу жапкан. Ал кагылышууда Кыргызстанда 36 адам көз жумуп, ондогон турак-жай, социалдык объектилер талкаланган. Тажик тарап 19 киши каза тапканын маалымдаган.
Расмий маалыматка ылайык, 2020-2021-окуу жылында Кыргызстанда Тажикстандын 2 миңдей жараны билим алган.