Министр дыйкандарга жүгөрү данын сатууга уруксат бербей жатат

Кыргызстандын дыйкандарынын кампаларында 129 миллион долларга жакын жүгөрү бар, бирок аны сатууга айыл чарба министри уруксат бербей жатат.

Бул тууралуу маалыматты жыйынында фермер Бакыт Жумалиев билдирди.

Анын айтымында, министр буга чейин дыйкандарга экспорттук квотаны алабыз деп убада кылган, бирок дыйкандар аны ала элек. Ал эми дыйкандар түшүмдөрүн сатып, ошол 129 миллион долларды мурда алыш үчүн министр чек араны жабуу буйругун алып салышы керек.

Жүгөрү экспорттоого тыюу салуу 2020-жылдын ноябрында киргизилген. 2021-жылдын октябрь айында Айыл чарба министрлигинин башчысы Аскарбек Жаныбеков тыюу салуу жакын арада алынаарын билдирген.