Кытайга болгон сапарда бир топ маселебизди чечип алуу маанилүү, – Маматалиев

Президент Садыр Жапаровдун бүгүн, 3-февралда Кытайдагы иш сапары башталат.

Иш сапарды утурлай Жапаров Кытайдын төрагасы Си Цзинпин баштаган жетекчилер менен жолугат, жолугушууларда соода-экономикалык, маданий-гуманитардык кызматташуунун актуалдуу маселелери талкууланат.

Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиевдин айтымында, Кытай менен алакада артта калбашыбыз керек.

«Кытай Эл Республикасы эң өнүккөн өлкөлөрдүн бири. Бул сапардын алкагында өзүбүздүн бир топ маселебизди чечип алуу маанилүү. Негизги маселелердин бири Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан эл аралык темир жол линиясын куруу. Бул 30 жылдан бери айтылып келе жатат, бирок иш жүзүндө аткарылбай келет.

Ошол эле учурда аталган өлкөнүн техника жактан өнүккөнүн эске алып, электромобиль унаалары боюнча көйгөйдү курч коюшубуз зарыл.

Соода-экономикалык кызматташуунун алкагында өткөрмө бекеттеринин өткөрүү мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү абзел. Мамлекет башчы ушуга окшогон маселелерди чечип келет деген ойдомун»,-деди Маматалиев.