Депутат: Парламент кандай иштеш керек, эмне кылыш керектигин үйрөтө турчу Байсалов эмес

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов бизге, парламентке акыл үйрөтүп, парламент кандай иштеш керек, эмне кылыш керектигин үйрөтө турчу ал жигит эмес. Ал капталдан чыккан бир балакай баатыр боло бербесин. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Нурлан Шакиев парламенттик жыйында билдирди.

-Кечээ Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов парламенттин дарегине сындарды катуу шакаба кылып айтыптыр.

Ушундай учурда парламент сөзсүз реакция кылыш керекпиз. Ал андай сындарды, ыксыз, обу жок, шакаба айтууга, шылдың создөрдү айтууга укугу жок. Бизге, парламентке акыл үйрөтүп, парламент кандай иштеш керек, эмне кылыш керектигин үйрөтө турчу ал жигит эмес.

Ал капталдан чыккан бир балакай баатыр боло бербесин. Биздин ички иши, регламенти бар, эл шайлаган депутаттар отурат бул жерде. Анан биздин үстүбүздөн шылдыңдап күлгөнгө этика да жол бербейт.

Эдил Байсаловду Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровго да, кичине тартипке чакырып койсо… Президенттин өкүлү сизге да айтат элем, ушуга көңүл бөлүп койсоңуздар. Бул сабак болушу керек. Эгерде Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары ушинтип отурса, башка жагы кандай болот. Ушул жерде катуу эскертүү берип коюшубуз керек,— деди Шакиев.

Андан соң Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов президенттин парламенттеги туруктуу өкүлү Алмаз Абытовго кайрылып, “ушул боюнча карап, бизге расмий түрдө малымат берип коюңуз. Ал эми аппарат протоколдук тапшырма берип коюңуз”- деди.