
Аламүдүн районунда унаа аял кишинин бутун басып калган. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Билдирүүгө ылайык, Рухий-Мурас жаңы конушунун Нооруз көчөсүндө турак үйдүн короосунда жеңил унаа 33 жаштагы С.Н аттуу аялдын бутун басып калган.
Жерине беш куткаруучу тартылып, аялдын бутун чыгарышкан.