Чүй облусунда уурулук кылмыштардын алдын алуу иштери жүргүзүлүүдө


Чүй облусунун аймагында уурулук кылмыштарынын алдын алуу жана катталган кылмыштардын бетин ачуу максатында Чүй облусунун ички иштер органдарынын кызматкерлери тарабынан “Уурулук” аталышындагы алдын алуу иш-чаралар 2022-жылдын 1-февралынан 4-февралына чейин уюштурулган.

WhatsApp Image 2022 02 01 at 12.41.28 Чүй облусунда уурулук кылмыштардын алдын алуу иштери жүргүзүлүүдө


Аталган иш-чарага Чүй облусунун ИИОнун кылмыш иликтөө кызматы, коомдук коопсуздук кызматы жана Чүй облусу боюнча ЖКККБнын кызматкерлери катышышты.

WhatsApp Image 2022 02 01 at 12.41.31 Чүй облусунда уурулук кылмыштардын алдын алуу иштери жүргүзүлүүдө


Иш-чара учурунда Чүй облусунун ИИББнынжетекчилиги жана жергиликтүү ШРИИБдөрдүн жетекчилери өздүк курамга нускамаларды өткөрүшүп, мыйзам чегинде иштерди жургузүү боюнча тиешелүү тапшырмаларды коюшту.

WhatsApp Image 2022 02 01 at 12.41.33 1 Чүй облусунда уурулук кылмыштардын алдын алуу иштери жүргүзүлүүдө


Кызматкерлер кылмыштуулук анын ичинде уурулук кылмыштуулуктарды алдын алуу жана катталган кылмыштардын бетин ачуу максатында жер-жерлердеги коомдук жайларда алдын алуу иш-чараларды жүргүзүшүүдө.

Андан сырткары темир тезектерди саатып алуучу жайларда текшерүү иштери жүргүзүлүп, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана коомдук жайлардын администрациялары менен айрым видео камераларды орнотууга зарыл болгон жерлер боюнча сунуштар берилүүдө.


Чүй ОИИББнын басма сөз кызматы