
Кыргызстанда 27-январга карата коронавирус 479 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.
Республика боюнча табылган жаңы учурлар:
- Бишкек шаарында – 289; Чүй облусунда – 101;
- Жалал-Абад облусунда – 22; Баткен облусунда – 16;
- Ысык-Көл облусунда – 16; Нарын облусунда – 2;
- Ош облусунда – 18; Ош шаарында – 7;
- Талас облусунда – 8.
Акыркы суткада 629 адам илдеттен сакайып чыкты, төрт бейтап каза болду.
Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 1044 бейтап, амбулатордук түрдө 6 миң 501 адам дарыланууда.