Чек арадагы ок атышуу алдын ала атайын даярдалган

Болжол менен 17.50дө “Төрт көчө” деген аталыштагы аймакка жарандык кийимдеги адамдар оор жүк ташуучу унаалар менен келишкен.

Унааларда толтура таш жүктөлгөн. Таштар менен алар Баткен-Исфана жолун тороп, жаап салышкан. Аларды тажик тараптын чек ара аскерлери коштоп жүргөн.

Андан соң сүйлөшүүлөр жүрүп, жол ачылган.

Бирок. буга карабай, тажик тарап ок ата баштаган. Ок атышуу дагы деле токтогон жок.

Бул жагдай жогорудагыларды эсе алганда, буга чейин атайын даярдалган иш чара деп бааласак болот

Тажик тарап алгач атайылап ок атышуу баштады

Кошумчалай кетсек, Көк-Таш айылынын жергиликтүү тургундары да айылда атышуу болуп жатканын билдиришкен. Эл жер төлөлөргө жашынган, электр жарыгы жок.

Бүгүн саат 18:00дөр чамасында тажик чек арачылары Баткен-Исфана жолунун Төрт-Көчө аймагындагы тилкесин тосуп алышып, саат 19.30да жолду ачышкан.

Жергиликтүү убакыт боюнча саат 19:35те тажик тарап курал колдонгон.