Лейлек районунда «Коомдук транспорт» аталышындагы рейд өтүүдө

Лейлек районунда «Коомдук транспорт» аталышындагы рейд өтүүдө

10794aed 7edf 49a4 97a0 068c96b0889f 1 Лейлек районунда «Коомдук транспорт» аталышындагы рейд өтүүдө
д,Лейлек

Лейлек РИИБ боюнча ЖКККБнүн кызматкерлери Лейлек районунун аймагында
«Коомдук транспорт» аталышындагы рейд өткөрүп, жүргүнчүлөрдү ташыган
коомдук унааларды текшерип, айдоочуларга түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.


Жүргүнчүлөрдү ташыган коомдук транспорттор катышкан жол транспорт
кырсыгынын алдын алуу үчүн айдоочулардын айдоо маданиятын толук
өздөштүрүүсү, унаанын техникалык абалына көңүл бөлүүсү жана жол
эрежелерин сактоосу керектиги айдоочуларга түшүндүрүлдү.

Рейд учурунда
автобустардын, кичи автобустардын соңку аялдамасына барып, кичи
автобустардын графиктерин, техникалык кароодон өткөндүгүн, жүргүнчүлөрдү
ташууда көрсөтүлгөн орундуктардын санын, жүргүнчүлөрдү алууда же
түшүрүүдө көрсөтүлгөн жерлерде токтоосун, ошондой эле айдоочулар
каттамга чыгар алдында медициналык көзөмөлдөн өтүүсүн текшерүүгө алып,
тиешелүү протоколдорду түзүү менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

  Баткен ОИИБы боюнча ЖКККБнун басма сөз кызматы