
Бүгүн, түшкө маал Элебесов жана Арал көчөлөрүнүн кесилишинде үч унаа кагышты. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, бир жеңил автоунаа, №130 жана №193 эки маршрутканын катышуусунда жол кырсыгы болгон.
Кырсыктын кесепетинен эки маршруткада тең жүргүнчүлөр жабыркап, учурда алардын толук саны такталууда.