
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Талас облусунда жумушчу сапары менен жүрөт. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык сапардын жүрүшүндө Акылбек Жапаров аймактын өткөн жылдагы социалдык-экономикалык өнүгүү жыйынтыктары каралуучу Талас облусунун коллегиясына катышат, «Манас-Ордо» комплексине барат, кант заводунун жана сүттү кайра иштетүүчү ишкананын иши менен таанышат.
Министрлер кабинетинин башчысы мындан тышкары Киров суу сактагычына барып, «Бала-Саруу» гидроэлектростанциясынын курулуш долбоору менен таанышары айтылган.
Сапардын соңунда Акылбек Жапаров магистралдык каналды реконструкциялоо иши менен таанышат.