Юстиция министрлиги 138 мыйзамды жокко чыгарууну сунуштады

Парламенттин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү комитетинин жыйынында Юстиция министрлиги тарабынан 138 мыйзамды жокко чыгаруу сунушу киргизилди.

Аталган демилге өлкө башчысы Садыр Жапаровдун КР мыйзамдарын инвентаризациялоо жарлыгынын негизинде иштелип чыккан. Бул тууралуу Юстиция министринин орун басары Орозбек Сыдыков билдирди.

Анын айтуусу боюнча бүгүнкү күндө актуалдуулугун жоготкон мыйзамдар бар. Ал эми тийиштүү мыйзамдар менен жөнгө салынчу маселелер, профилдик, предметтик жана башка ченемдик актылар менен жөнгө салынган. Мындан улам 138 мыйзамды
күчүн жоготту деп эсептөө сунушу киргизилүүдө. Алардын көпчүлүгү 1997-жылкы Кылмыш-жаза кодексине, андан кийинки кодекстерге киргизилген, 1998-жылы бекитилген базалык ставкалар боюнча мыйзамдар. Ал эми жаңы мыйзамдар күчүнө киргенде эскилери колдонуудан чыгат.

Ошондой эле отурумдун жүрүшүндө эл өкүлү Русланбек Жакышов жоюла турган мыйзамдардын арасында “Нооруз майрамын да жокко чыгаруу мыйзамы” камтылганын айтып, суроо салды. Бул боюнча Орозбек Сыдыков ал майрам Эмгек кодексинде болгондуктан атайын ыйзамдын кереги жоктугун билдирди.

Өз учурунда комитет мүчөлөрү башка суроолоруна канааттандырарлык жооп ала албай, натйыжада ар бир мыйзам боюнча кенен түшүндүрмө керектигин талап кылышып, сунушту кийинки жыйында кароону чечишти.