
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Транспорт жана коммуникациялар министрлигинде 15-январь күнү кеңешме өткөрдү.

Министрлер кабинетинин сайтына жарыяланган маалыматка тиркелген сүрөттө кеңешмеге катышкан бир адамдын бети жабылган. Бул социалдык тармактарда кызуу талкууга алынып, бир топ суроолорду жаратты.
Белгилей кетсек, экс-депутат Нурлан Сулайманов буга чейин транспорт министрлигин жетектеген. Башкы прокуратура Сулаймановго ал транспорт министри болуп турганда коррупциялык схема түзгөн деген шек менен 2012-жылы кылмыш ишин козгогон.
Ага Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренеси («Кызмат абалынан кыянат пайдалануу») боюнча айып тагылган. 2012-жылы Сулайманов үч айга дарыланууга Германияга учуп кеткен. Өлкөгө жети жылдан кийин 2019-жылы кайтып келген. Кийин ага карата кылмыш иши токтотулганы белгилүү болгон. 2020-жылы парламенттик шайлоого «Кыргызстан» партиясынын тизмесинде катышкан.