
Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаров Башкы прокуратурага суракка чакыртылды. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматынан тастыкташты.
Маалыматка ылайык, депутат учурда сурак берип жатат, ал кыргыз-тажик чек арасы боюнча суракка чакыртылган.
Эске салсак, Мадумаров 14-январда да ушул маселе боюнча Башкы прокуратурага сурак берип чыккан.