“Эки тилди аралаштырбагыла”, – Мадумаров

Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаров кесиптештерин жыйындарга кечикпей келүүгө чакырды. Мындай оюн ал парламенттин 12-январдагы сессиясында айтты.

«Жыйындарды саат 10:00гө белгилегенден кийин убагында баштасак, 5 мүнөт калганда кирип, отурсак. 7-6 жаштагы биринчи класстын балдары саат 7:30да биринчи сабакка барып жатат. Укаланып келип алып, бул жерде «жетим чогулуш» өткөрөсүңөр. Тартипти өзүбүздөн баштайлы. 10:00дө жумуш башталышы керек», — деди Адахан Мадумаров.

Депутат мындан тышкары, парламент жыйындарында сөз сүйлөөдө толук кыргызча же толук орус тилинде сүйлөөгө, эки тилди аралаштырбоого чакырды.

Бүгүн эл өкүлдөрү Жогорку Кеңештеги тармактык комитеттерди түзүп жатышат.