
Өлкөдөгү стационарларда 475 бейтап коронавирус менен пневмониядан дарыланып жатат. Бул тууралуу бүгүн, 11-январда республикалык штаб билдирди.
Алардын ичинен:
– 12 (2,5%) адам канааттандырарлык абалда;
– 291 (61,2%) адам орто оор абалда;
– 141 (29,6%) адам оор абалда;
– 31 (6,5%) адам өтө оор абалда.
Андан тышкары 815 адам өз үйүндө дарыланууда.