
Талдыкорган шаарында Казакстандын тунгуч президенти Нурсултан Назарбаевдин эстелиги митингчилер тарабынан кулатылды. Бул тууралуу сүрөттөр интернетке тарады.

Анда эстелик экиге бөлүнүп, жерде жатат. Талдыкорганда чогулган митингчилер Назарбаевдин эстелигине жип байлап, аны кулатууга аракет кылып жаткан учурдагы видео жарыяланган болчу.