Бүгүн, 6-январда Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров чукул жыйын өткөрдү.
Акылбек Жапаров билдиргендей, мамлекет башчынын жана Жаматтык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун чечимине ылайык, Кыргызстан Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин кайрылуусуна байланыштуу бир тууган Казакстанга колдон келген колдоо көрсөтүүгө жана ЖККУ алкагындагы өзүнүн союздук милдеттенмелерин тийиштүү деңгээлде аткарууга даяр экендигин тастыктайт.
Министрлер кабинетинин төрагасы Жапаров кыргыз-казак чек арасындагы абал жана Кыргызстандын аймагына кылмыштуу элементтердин жана курал-жарактардын кирүү коркунучу боюнча күч органдарынын жетекчилеринин баяндамаларын укту. Ошондой эле каржы жана экономика министрине республиканын банк тутумунун үзгүлтүксүз ишин, ошондой эле азык-түлүк, отун коопсуздугун камсыздоо боюнча тийиштүү чараларды кабыл алуусу боюнча тапшырмаларды берди.
Министрлер кабинети тарабынан президент Садыр Жапаровдун тапшырмасынын алкагында бүгүн түштөн кийин Жогорку Кеңештин чукул жыйынын өткөрүүнү демилгелөө чечими кабыл алынды.
Жогорку Кеңештин жыйынында баяндамачы катары Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Камчыбек Ташиев дайындалды. Ошондой эле ага Казакстандагы окуялардын өнүгүүсүнө реакция кылуу боюнча өкмөттүк штабды ыкчам жетектөө милдети жүктөлдү.