Милиция кызматкерлери коомдук коопсуздукту камсыздоону улантышууда

Жаңы жылдык майрамдарга байланыштуу эс алуу күндөрүндө Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги коомдук тартипти жана коомдук тартипти жогорку деңгээлде камсыздоо максатында жарандардын коопсуздугун сактоо боюнча бардык зарыл болгон чараларды көрүлүүдө.


Өзгөчө маанилүү, стратегиялык жана кайтарууга алынган тиричиликти камсыздоочу объектилерди коргоо камсыздалды.

WhatsApp Image 2022 01 05 at 08.35.28 Милиция кызматкерлери коомдук коопсуздукту камсыздоону улантышууда


Негизги майрамдык иш-чараларда тартипти камсыздоодо коопсуздуктун бардык деңгээлин эске алуу- жакын жердеги турак-жай секторунда, массалык иш-чаралар өтүүчү жайларда мыйзамдуулуктун жана тартиптин абалына көзөмөл кылуу болгон. Кайгуул милициясынын посттору майрамдык иш-чаралар өтө турган жайларга жакын жерлерге жайгаштырылды. Милициясынын кезметтеринин, ыкчам-тергөө топторунун күнү-түнү нөөмөттө болуулары уюштурулган.

Коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун камсыздоого көмөк көрсөтүү үчүн укук коргоо багытындагы коомдук түзүмдөр, ыктыярдуу элдик кошуундар тартылган.
Кыргыз милициясынын жалпы өздүк курамы кызматтык милдеттерин аткарууда мыйзамдуулукту сактоого, жасалган же боло турган кылмыштар тууралуу бардык билдирүүлөргө токтоосуз жооп берүүгө багытталган. Кылмыштарга жана укук бузууларга тез арада чара көрүү, алдын алуу үчүн кошумча ыкчам-тергөө топтору жана ыкчам аракеттенүү топтору жеринде иш алып барышат.


Ички иштер органдарынын кызматкерлери тарабынан коомдук тартип толук камсыздалууда. Ыкчам-криминалдык абал туруктуу жана милициянын толук көзөмөлүндө.

WhatsApp Image 2022 01 05 at 08.35.27 1 Милиция кызматкерлери коомдук коопсуздукту камсыздоону улантышууда

ИИМдин Басма сөз кызматы