Ысык-Көлдө опузалап акча талап кылган салык кызматкери кармалды

Бул тууралуу Ысык-Көл облустук ОИИБнын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Челпек айылынын тургуну арыз менен кайрылып, «Эрадил» аттуу белгисиз жаран, коркутуу менен андан 50 миң сом өлчөмүндөгү акча каражатын талап кылып жаткандыгын билдирген.

Бул факт Кылмыштардын бирдиктүү реестирине катталып, кылмыш-жаза кодексинин 208 (Опузалап талап кылуу) беренеси менен сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Жабырлануучунун үйүнөн 10 миң сом өлчөмүндө акча каражаттарын алып жаткан жеринен милиция кызматынын ыкчам кызматкерлери тарабынан Ак-Суу районуна караштуу Бурма-Суу айылынын 28 жаштагы тургуну М.Э. кармалды. Кармалган жаран Каракол шаарынын мамлекеттик салык кызматынын кызматкери экендиги белгилүү болду.

4152380c 888d 4816 9e84 9d68b6453acc Ысык-Көлдө опузалап акча талап кылган салык кызматкери кармалды

Кылмышка шектүү соттун чечими менен баш коргоо чарасы кабыл алынганча убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда тергөө амалдары уланууда.