ПЧР-тесттерди текшерүү күчөтүлөт, – Байсалов

Бул тууралуу 23-декабрда Коронавируска каршы ыкчам штабдын кезектеги жыйынында айтылды. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов жарандардын вакцинанын бустердик дозасын алуу маселесин көтөрдү. Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев өлкөдөгү эпидемиологиялык абал туруктуу экенин билдирди.

“Оmicron”-штаммынын өлкөгө киришинин жана жайылышынын алдын алуу боюнча көрүлүп жаткан чараларга байланыштуу бир катар маселелерди талкуулашты. Кыргызстандын жарандарынын жана чет өлкөлүк жарандардын өлкөгө кирүүдө ПЦР маалымдамаларынын аныктыгын текшерүү боюнча чараларды күчөтүү тууралуу сөз болду.

Ошондой эле кары-картаңдарды жана өнөкөт оорулары бар адамдарды эмдөөнүн көрсөткүчүн жогорулатуу зарылдыгы белгиленди.