
Милиция кызматкерлери социалдык тармактар аркылуу жигиттер кайрылуу жасаган Кара-Балтадагы саунаны жапты. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, тиешелүү органдар кайрылууда айтылган дарекке барып текшерүү жүргүзүшкөн.
«Кайрылууда автор айткан дарек боюнча жайгашкан сауна мындан кийин иштебейт. Бул факты Сокулук РИИБнүн кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 160-берененин негизинде катталды. Иликтөө иштери уланууда», — деп берилет маалыматта.