
Бишкекте аз камсыз болгон үй-бүлөлөлөргө көмүр таратылды. Бул туралуу Муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Биринчи май районунун акимиаты «Нурлуу кайрымдуу кыздар» кайрымдуулук фонду менен биргеликте аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө колдоо көрсөтүштү. Фонд тарабынан 19 аз камсыз болгон үй-бүлөгө 10 каптан көмүр бөлүнүп берилди.
Белгилей кетсек, фонд жардамга муктаж үй-бүлөлөргө үзгүлтүксүз колдоо көрсөтүп келет.