Алымкадыр Бейшеналиев экранга көк ала болуп чыкты

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев «Ала-Тоо 24» телеканалында көк ала болуп экранга чыкты. Министр коронавирустун жаңы штаммы «омикрон» боюнча комментарий берген. Бирок көрүүчүлөрдүн назарын тарткан жаңы штамм эмес, министрдин көк ала болгон бети болду.

image 40 3 Алымкадыр Бейшеналиев экранга көк ала болуп чыкты

Аталган репортаж Youtube-каналдан алынып салынган. Азыр «Ала-Тоо 24» буга эч кандай комментарий берген жок. Кийин аны кайрадан каналга жүктөштү, бирок ал жакта Алымкадыр Бейшеналиев жок болуп чыкты. Бирок, интернет айдыңында эмне кирсе, аны түп орду менен жок кылууга болбойт.

image 40 5 Алымкадыр Бейшеналиев экранга көк ала болуп чыкты

Ишембиликте тактап айтканда 17 декабрда, «Алтын балалык» реабилитациялык борбордо министрлик министрдин бетине дем алыш күндөрү арча түшүп кеткен деп билдиришти.