“КСДП” партиясы менен Жогорку Кеңештин VII чакырылышына талапкер болуп барып, өтпөй калган Рыскелди Момбеков жаңы чакырылыш боюнча оюн билдирип, президенттин ишиндеги туура эмес деп эсептеген жагдайларды BULAK.KG сайтына айтып берди.
ЖКнын VII чакырылышы боюнча пикириңиз кандай?
Кандай иш алып барары ошол шайлоодон утуп келген талапкерлердин дараметине, аракетине жараша болот. Бирок азыркы VII чакрылыштагы Жогорку Кеңеш мурунку VI чакырылыштан дагы төмөн болот деп ойлойм. Жогорку Кеңеш мыйзам чыгаруучу бийлик болгондон кийин, өз саясатын өзү жүргүзүшү керек эле. Бирок, булардын айлык маянасын да президент чечип койду. Алардын иш башкармалыгын да тартып алып өзүнө кошуп алды. Демек, мыйзам чыгаруу бийлигинин эки тизгин, бир чылбырын президент өз колуна алды дегенди түшүндүрөт.
Башкача айтканда, булар президенттик администрациянын юридикалык бөлүмүнө эле айлана тургандай негиз калтырды. Мындай ааракеттер болбошу керек эле. Бул өңүттөн алып караганда, 7-чакырылыштын ыйгарым укуктары баш Мыйзам боюнча буга чейин эле аз болчу. Эми мынтип президент парламенттин ыйгарым укуктарынын көбүн өзүнө алгандан кийин депутаттар канчалык деңгээлде элдин таламын талаша алат? Бул чоң суроо.
Бирок ошентсе дагы, кандай болорун убакыт көрсөтөт. Элдин үнүн угузуп турган эл “өкүртөр” палатасы эмес, эл өкүлдөр палатасы болот деген тилектерим бар.
Садыр Жапаровдун бийлигинин күчтөнүүсү эмнеге алып келет?
Кыскача эле айта турган болсом, бул жакшылыкка алып келбейт. Эбегейсиз бийликти академик болобу, эң чоң экономист болобу өзү жалгыз эптей албай, ашмалтайын чыгарат. Эл арасындагы нааразычылыктар, баалардын өсүп кеткендиги, бир кишинин билемдиги – мунун бардыгы терс көрүнүштөр.
Кыргыздын тарыхында, санжырасында бүтүндөй бир бийликти жалгыз кишинин колуна берген эмес. Ал убактарда бардыгын кеңешип отуруп, курултай аркылуу ишке ашырып келишкен.
Кызыгы азыр өлкө башчы ректорлорго чейин кызматынан алып түштү. Советтер союзундагы коммунисттердин партиясы мезгилинде бул байлануучу эмес шайлануучу кызмат болчу. Коллектив жалпы уюшуп шайлай турган кызмат эле. Демек, бүгүн бизде өлкөдө президент тийишпеген эки гана кызмат калды. Бири мектеп директору болсо, экинчиси айылдын имамдары эле.
Бизде вертикалдуу бийлик системасы орноп, бир уучка, бир колго топтолду. Мындай болгон күндө жоопкерчилик да бир жерде болушу шарт. Бирок, андай болбой дал ушул учурларда бардыгы чаржайыт кетип жатат.
Баш мыйзам кабыл алынып жатканда мен Садыр Нургожоевичке, сиздин жаныңызда жүрүп, пахта койгондор тескерисинче аңга түртүп жатат деп айткам. Бир жылдан кийин көрөсүз, ошол адамдар сиздин алдыңызга жай жарылуучу “мина” коюп койду деп да зар какшагам.
Мындан аркы пландарыңыз кандай? Саясий талаадан кетпейсизби?
Парламенттен четтеп калсам эле, саясаттан четтеп калам деген менде негиз жок. Анткени парламентке чейин деле Кыргызстандагы саясий ишмердүүлүгүмдү жүргүзүп келгем. Депутаттыкка чейин эркин журналист, башкы редактор катары массалык маалымат каражаттарын жетектеп жүргөм. Бирок азыр эмне менен алек болорумду айтыш кыйын.
Азыр менин партиялаштарым Биринчи май жана Свердлов райондорунда кайра боло турган шайлоого катыш деп жатышат. Ошолордун биринен талапкерлигимди коюп, таразага түшөм деген ойдо турам. Эгер ал жактан да жолум болбосо, анда деле саясий чөйрөдөн кетпейм. Саясий баяндамачы боломбу, Кыргызстанда болуп жаткан саясий окуяларга өзүмдүн көз карашымды, чындык сөзүмдү, акыйкат кебимди айта берем. Кайсы бир партиянын же ММКнын алкагында иш алып бара берем. Чындыкты айткан киши бийлик үчүн коркунучтуураак болот.