
Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев балдар үйүнүн дагы эки бүтүрүүчүсүнө үйдүн ачкычын тапшырды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.


Маалыматка ылайык, Бишкек шаардык мэриясынын “Жетим-балдар” жеңилдетилген категория боюнча турак-жайга муктаж болуп, райондук администрацияда каттоодо турган балдар үйүнүн бүтүрүүчүлөрү У.Ж.Курмангалиев жана Б.К. Атановго муниципалдык турак жай берүү боюнча буйругу чыгарылды.