Жалал-Абадда окуучулар арасында массалык мушташ катталды

Жалал-Абадда №1, №6 жана №7 мектебинин окуучуларынын арасында массалык мушташ катталды. Бул тууралуу жергиликтүү кабарчы билдирди.

Маалыматка ылайык, окуя кечээ, 15-декабрда болгон. Анда Токтогул көчөсүндө 50дөй окуучулардын урушуп жаткан видеосу тараган. Алар кечкисин сабактан тараган учурда мушташышкан. Жаңжалдан жабыркагандар болгон жок.

Учурда милиция кызматкерлери мектептерде түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.