Нарын облустук милициянын жетекчилиги Жумгал районунун жашоочулары менен жолугушууда

Облустук милиция жашоочулары менен жолугушууда.

WhatsApp Image 2021 12 16 at 09.25.36 1 Нарын облустук милициянын жетекчилиги Жумгал районунун жашоочулары менен жолугушууда

Жумгал райондук ички иштер бөлүмүнүн жетекчилиги Жумгал районунун Чоң -Дөбө, Куйручук айылдарында кылмыштуулуктун алдын алуу, мал уурулукка жол бербөө максатында эл менен жолугушуп, жыл ичинде аткарылган иштер тууралуу маалыматтар берилүүдө.
Жогоруда аталган айыл аймактардын тургундары милиция кызматкерлеринин аткарып жаткан ишмердүүлүгүн баалап, ыраазычылыгын билдирип, мал уурулук боюнча маселе көтөрүшүп, өздөрү дагы салым кошуп көмөктөшүп иш алып барууга ой-пикирлерин билдиришип, биргеликте иштешүүгө сунуштарын киргизишти.
Мындан тышкары Жумгал районунун аймагында “Антирекет ” укук бузуучулукка каршы аталыштагы ыкчам-алдын алуу иш-чарасы жүрүшүндө күндүзгү жана кечки рейддер уюштурулуп, көчөдө себепсиз чоң адамдардын жана ата-энесинин коштоосу жок жүргөн 8 жаш өспүрүм аныкталып, түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, ата-энелерине тапшырылып берилди.

Ошондой эле Куйручук, Байзак айылындагы базарларга окууга тартылбаган соода-сатык кылган окуучуларды аныктоо максатында рейд уюштуруп, натыйжада аныкталган жок, район аймагында жайгашкан жалпы 24 мектептин ичинен 3 атайын орто мектептеринде жашы жете электердин арасында укук бузуулардын, кылмыштардын алдын алуу, анын ичинде жашы жете электерге карата жана алар тарбынан жасалган өмүргө жана ден соолукка коркунуч келтирген, зомбулук менен коштолгон мектеп рекети, опуза талап кылуу, тоноо, уруп сабоо жана башка ушул сыяктуу кылмыштардын ошондой эле жол коопсуздугунун алуу багытында тегерек столдор жыйналыштар өткөрүлүп, профилактикалык иштер уланууда.

WhatsApp Image 2021 12 16 at 09.25.36 Нарын облустук милициянын жетекчилиги Жумгал районунун жашоочулары менен жолугушууда
WhatsApp Image 2021 12 16 at 09.25.37 Нарын облустук милициянын жетекчилиги Жумгал районунун жашоочулары менен жолугушууда
WhatsApp Image 2021 12 16 at 09.25.38 Нарын облустук милициянын жетекчилиги Жумгал районунун жашоочулары менен жолугушууда

Нарын ОИИБнин басма сөз кызматы