БШК шайлоонун жыйынтыгын бекитти

БШК бүгүн, 15-декабрда 18-ноябрда болуп өткөн Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлерди шайлоонун жыйынтыгын бекитти.

Жарышка катышкан 21 партиянын ичинен алтоо беш пайыздык босогодон өткөнү такталды:

  • «Ата Журт Кыргызстан» (15 мандат, анын ичинен 5и аялдар);
  • «Ишеним» (12 мандат, анын ичинен 4 мандат аялдар);
  • «Ынтымак» (9 мандат, анын ичинен 3ү аялдар);
  • «Альянс» (7 мандат, анын ичинен 3ү аялдар);
  • «Бүтүн Кыргызстан» (6 мандат, анын ичинен 2си аялдар);
  • «Ыйман Нуру» (5 мандат, анын ичинен 2 мандатты аялдар алат).

Беш пайыздык босогодон өткөн 6 партияга 1 миллион сомдон шайлоо күрөөсү кайтарылып берилет. Борбордук шайлоо комиссиясы АСУдан алынган маалыматтар менен кол менен эсептөөнүн жыйынтыктары дээрлик бирдей экендигин белгиледи.