Ош облусунун аймагында мал уурулук боюнча катталган кылмыштын 94% бети ачылган.
2021-жылдын 9-декабрь күнү Нариманов айылдык милиция бөлүмчөсүнүн криминалдык милиция кызматынын кызматкерлери жана милициянын участкалык уполномоченныйлары тарабынан жүргүзүлгѳн ыкчам иш-чаралар жүрүшүндө кайталанып жасалып жаткан 4 (төрт) факты уурулукка шектүү делип Ош облусунун Кара-Суу районунун Кашкар-Кыштак айыл аймагынын 17 жаштагы тургуну Ж уулу А жана Кара-Суу районунун Нариман айыл аймагынын 16 жаштагы тургуну О уулу Тлар кармалган. Далил буюм катары уурдалган 3 баш кой алынган.
Учурда тергөө иштери жүргүзүлүүдө. Буга чейин Султанов А.К. атындагы Кара-Суу РИИБнүн кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кара-Суу районунун Кашкар-Кыштак жана Нариманов айыл аймактарынын 4 тургунунун арыздары катталган, арызда үйүнүн короосундагы кой жандыктары белгисиз атуулдар тарабынан уурдалып жаткандыгын билдирип кайрылышкан. Жарандардын арыздары РИИБнүн КБРне катталып Кыргыз Республикасынын КЖКнын 205-беренесинде көрсөтүлгөн кылмыштын белгилери менен кылмыш иши козголгон. Учурда тергѳ иштери улантылууда.
2021-жылдын 11 ай ичинде Ош облусунун аймагында мал уурулук боюнча 304 арыз катталган. Алардын ичинен 286 бети ачылган же болбосо катталган кылмыштардын 94% бети ачылган. Жалпысынан 549 баш мал жоголгондугу боюнча арыз түшкѳн. Жарандарга келтирилген чыгымдын кѳѳлѳѳмү 15 млн 758 миң сомду түзгѳн.
Облустук милиция кызматкерлери тарабынан кѳрүлгѳн ыкчам-иш чаралардын натыйжасында 499 баш малды уурдагандардын бети ачылып, кылмыш иши сотко ѳткѳрүлүп берилген. Соттук териштирүүдѳ 14 млн 24 миң сомдук чыгымдары жабырлануучуларга кайтарылып берилген.Же болбосо келтирилген зыяндын 88,9% кайтарылган.Талдоо кѳрсѳткѳндѳй катталган арыздардын 148 учуру жабырлануучулардын үйүнүн короосунан же малканасынан уурдалган. 153 учуру жайыттан жоголгон.
Жалпысынан мал уурулук кылгандыгы үчүн 64 жаран кармалып сот жобуна тартылган.Алардын ичинде мурда соттолуп кайрадан мал уурулук кылгандар 24. Жаш ѳзгѳчѳлүгүнѳ токтолчуу болсок 18 жаштан 30 жашка чейинки курактагылар 31 жаран, 30 жаштан-40 жашка чейинки курактагылар 14 жаран, 40 жаштан жогорку курактагылар 5. Алардын ичнен 1 жаран аял киши. Мал уурулук боюнча шектүү катары кармалган 18 жашка чейинки курактагылар 3. Уурдалган малдардын түрунѳ токтолчуу болсок: Бодо мал 259 баш, (226 баш малдын чыгымы ээлерире тѳлѳтүлүп берилген),92 баш жылкы (83 баш жылкынын чыгымы ээлерине тѳлѳтүлуп берилген), жандык 198 баш (190 баш жандык ээлерине чыгымы тѳлѳтүлүп берилген). Учурда бети ачылбай турган 18 арыз ээсинин арызын канаттандыруу максатында табыла элек 50 баш малды табуу боюнча ыкчам-тергѳѳ иштери улантылып жатат.
Ош ОИИБдин басма сѳз кызматы