
Нарын ОИИБи: Ат-Башы милициясы эл менен жолугуп, айыл аймактарды кыдырууда
2021-жылдын 6-декабрындагы Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун жарандарыбызга камкордук кылуу максатында кол койгон маанилүү жарлыктарын Ат-Башы районунун калкына жеткирүү жана Нарын ОИИБнин тескемесинин талаптарын аткаруу максатында Ат-Башы районунун аймагында айылдык жыйындарды өткөрүү боюнча 8-декабрь күнүнөн 18-декабрь күнүнө чейин атайын графиги бекитилген.

Ат-Башы РИИБдин жетекчилиги милициянын көчмө кабылдамасы менен жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн катышуусунда Ат-Башы районунун Талды-Суу, Өзгөрүш, 1-Май айылдарындагы жергиликтүү тургундары менен жолугушуулар өткөрүлдү.

Эл менен жолугуу учурунда айыл ичинде кечкисин мал жандыктарды жол жээгинде кароосуз калтырбоо, айдоочулар арасында жол эрежесин бузбоо, мыйзамсыз ок атуучу куралдарды өткөрүү, мыйзамдаштыруу, мал уурулуктун алдын алуу, үй- бүлөлүк зомбулукту жана жаш өспүрүмдөргө карата зомбулук фактыларынын алдын алуу, милициянын көчмө кабылдамасын ишмердүүлүгү боюнча айтылып, мекеме кызматкерлери тарабынан да президенттин жарлыктары тааныштырылды.
Мындан тышкары Ат-Башы РИИБнүн кызматкерлери милициянын көчмө кабылдамасы менен айыл аймакта жайгашкан жалпы билим берүүчү орто мектептердин окуучулары менен биргеликте “Биз зордук-зомбулукка каршыбыз” аталыштагы иш-чара өткөрүлүп, өспүрүмдөр арасында кылмыштуулуктун, зордук-зомбулуктун алдын алууда профилактикалык түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.
Нарын ОИИБнин басма сөз кызматы