“Катып калган булочка”: Көлдүн губернатору Мирбек Кожоев күтүүсүз текшерүү менен Караколдун билим уяларына барды

Президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Мирбек Кожоев күтүүсүз текшерүү менен Каракол шаарынын №2 жана №9 мектептерин, ошондой эле Ак-Суу районуна караштуу Мамакеев, Киров орто мектептерине барган.

Текшерүү учурунда облус башчы окуу жайларда, азыркы мезгилге талапка ылайыксыз жүргүзүп жаткан иштерин аныктап мектеп жетекчилердин иштерине нааразы болду.

Губернатор жазуулар күнүгө жүргүзүлбөй жатканын айтып, ашпозчулар ноябрда кеткенин айтып, “каратып туруп, калп айта бересиңерби” деп катуу сындады.