
Сокулукта 16 жаштагы өспүрүм кызды зордуктаган шектүүнүн үй-бүлөсү айылдан көчүп кетишти. Бул тууралуу өздүк булактар билдирди.
Маалыматка ылайык, шектүүнүн үй-бүлөсү кечээ, 8-декабрда оокаттарын жыйнап көчүп кетишкен. Бирок алар кайда көчкөнү азырынча белгисиз.
Белгилей кетсек, 5-декабрда Сокулукта 31 жаштагы жаран 16 жаштагы өспүрүм кызды сабап, күч менен зордуктап салган.
Белгилүү болгондой, Сокулук эли шектүүнүн үй-бүлөсүн 2 күндүн ичинде айылдан көчүп кетүүнү талап кылышкан.