ИИМ: “Биргеликте адамдарды сатууну токтотобуз” аталышындагы 100 күндүк маалыматтык кампаниясынын жыйынтыгы чыгарылды

2021-жылдын 6-декабрь күнү “Европа” мейманканасынын жыйындар залында “Биргеликте адамдарды сатууну токтотобуз” аталышындагы 100 күндүк маалыматтык кампаниясынын жыйынтыгы менен тегерек стол болуп өттү.
Белгилей кетсек, 2021-жылдын июль айынан тартып Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги тарабынан жогоруда аталган кампания башталган. Бул иш-чаранын негизги максаты – адамдарды сатуудан жапа чеккендердин укуктарын коргоо жана бул жааттагы укуктук билимин жогорулатуу болуп саналат.

WhatsApp Image 2021 12 06 at 11.50.46 1 ИИМ: “Биргеликте адамдарды сатууну токтотобуз” аталышындагы 100 күндүк маалыматтык кампаниясынын жыйынтыгы чыгарылды


Аталган кампания, Бүткүл дүйнөлүк адамдарды сатуу менен күрөшүү күнүнө карата арналып, Ички иштер министрлигинин Криминалдык милиция кызматы жооптуу түзүм катары бекитилген.


Тегерек столго Кыргыз Республикасынын ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын башкармалыгынын начальниги, милициянын полковниги Марлис Джумабаев, ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин, мамлекеттик, эл аралык жана бей өкмөт уюмдарынын өкүлдөрү катышышты.

WhatsApp Image 2021 12 06 at 11.50.46 ИИМ: “Биргеликте адамдарды сатууну токтотобуз” аталышындагы 100 күндүк маалыматтык кампаниясынын жыйынтыгы чыгарылды
ИИМ: “Биргеликте адамдарды сатууну токтотобуз” аталышындагы 100 күндүк маалыматтык кампаниясынын жыйынтыгы чыгарылды


Иш-чараны милициянын полковниги Марлис Джумабаев ачып, адамдарды сатуу – адам укуктарын бузуу боюнча эң оор кылмыш деп атады. Жыл сайын миңдеген эркектер, аялдар жана балдар адамдарды сатуучу кылмышкерлерден жабыр тартышат. Бүгүнкү күндө, жабыр тарткан адамдардын көпчүлүк бөлүгү сабатсыздыктын жана түшүнбөстүктүн кесепетинен жардам алууну көп түшүнө беришпейт жана ишенбестик карашат.


Марлис Джумабаев баяндоосунда ар бир жабырлануучу туш болгон бир катар көйгөйлөргө атап кетти, алар:
-Сот өндүрүшүн идентификациялоо жана аяктоодон баштап куткарылгандан кийин, травматикалык тажрыйба;
-Кээ бирлери кайрадан кайталанып жапа чегүүсү;


-Көпчүлүк бөлүгү сатуучулардын мажбурлоосу менен жасаган кылмыштар үчүн жазаланган;
-Калгандары стигматизациялоого дуушар болушуп, колдоо жана жардам ала электер.


Марлис Джумабаев, баяндоо сөзүндө “Жогоруда аталган маалыматтык кампанияны ийгиликтүү жана натыйжалуу жүргүзүү үчүн Кыргыз Республикасынын ИИМдин КМКсы Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлиги, Билим берүү жана илим министрлиги, ыйгарым укуктуу органдары жана эл уюмдар менен биргеликте аткарыл турган иш-чаралардын мерчемин иштеп чыгып, анын ичине ведомстволордун бири-бири менен өз ара аракеттенишүүсүнө көңүл бурулган” – деп баса белгиледи.


Аны менен бирге, Марлис Джумабаев адамдарды уурдоо жана сатуу менен байланышкан кылмыштуу ишмердүүлүккө бөгөт коюуга багытталган бир катар иш-чаралар аткарылгандыгын атады. Адамдарды сатууга каршы күрөшүү – эл аралык укуктун жалпы кабыл алынган принциптерине жана ченемдерине негизделген улуттук жана аймактык кызыкчылыктарга жооп берген кызматташтыктын артыкчылыктуу багыты бойдон калууда.
Аталган иш-чара коюлган тапшырмаларды талкулоого жана бирдиктүү максат коюуга зарыл болгон аянтчаны түзүүгө жана кызматташтыктын деңгээлин жогорулатууга өбөлгө болду.

ИИМдин Басма сөз кызматы